"Абалдары кейиштүү". Депутат Тыналиев маданият тармагындагы көйгөйдү жеринен чечүүгө чакырды
Бүгүн, 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айжигит Тыналиев маданият министри кызматына талапкерлиги каралып жаткан Мирбек Мамбеталиевге аймактардагы маданият тармагындагы көйгөйлөрдү жерине барып чечүү керектигин айтты.
"Мисалы, Балыкчы шаарындагы Маданият үйүнүн жетекчисин силер бекитесиңер, каржылоосу болсо жергиликтүү бийликке караштуу. Ушуну биротоло министрликке алгыла, же жергиликтүү бийликке өткөрүп бергиле да. Алардын же маянасы көтөрүлбөйт, же Маданият үйүн оңдото алышпайт. Ара жолдо калды", - деди Тыналиев.
Ошондой эле ал өлкөдөгү китепканалар кароосуз калганын, абалдары кейиштүү экенин белгилеп, көңүл бурууга чакырды.
Жогорку Кеңеш 26.02.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

