super.kg logo
  Саясат  

"Китептери жок болсо, килемдерин окуйбу". Мирлан Самыйкожо китепканаларды жоо келе жаткандай сактап калуу керектигин айтты (видео)

 

Кыргызстандын аймактарында китепканаларды жапкандын ордуна, кайра жандантып, гүлдөтүш керек. Бул тууралуу депутат Мирлан Самыйкожо Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

"Аймактарда китепканалар жабылып жатат. "Кайсы эл коркунучтуу десе, китеп окубаган коом коркунучтуу" деген сөз бар кыргызда. Китеп окубайт экен деп китепканаларды жаап койгон болбойт", - деди Самыйкожо.

Ошондой эле депутат трибунадан Байдылда Сарногоевдин жазган ырын окуду.

"Бүгүнкү күндө бир адамдан бир китеп деген долбоор менен канчалаган адам китеп окуп жатат. Кайра тескерисинче биз китепканаларды жаап, адамдардын аң-сезимин, дүйнө таанымын тебелеп жатканыбыз – бул биздин түркөйлүгүбүз. Сабатсыз болбойлу. Биз өзүбүз китеп окубасак, башкалар дагы окубай калды деп ойлобошубуз керек. Китепканачылардын айылыгы менен мамлекет байып кетпейт", - деди Мирлан Самыйкожо.






Мирлан Самыйкожо китепканаларды жоо келе жаткандай сактап калуу керектигин айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: