super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште дагы бир мамлекеттик кызматкерди ордуна кайтаруу сунушталды

 

Бүгүн, 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова өкмөттөн жакында билим берүү жана илим министринин орун басарлыгынан алынган Расул Абазбек уулун кайра кызматына кайтарууну суранды.

"Эл агартуу тармагын алдыга тартып жаткан бирден-бир орун басар болчу. Жогорку Кеңешке мыйзам алып келеби, билим берүү мекемелери же илимпоздор менен иштешеби, деги эле бардык тармакта "универсал" орун басар эле. Бул маселеге кайрылып, депутаттардын эки кадрды (бири Алмаз Сокеев) кайра кызматка коюу сунушун карап чыксаңар", - деди эл өкүлү.

Мунун алдында бүгүнкү жыйында депутат Балбак Түлөбаев өкмөттөн айыл чарба министринин орун басары жана министрликке караштуу Суу чарба кызматынын директору Алмаз Сокеевдин кызматтан алынышын кайра карап чыгууну өтүнгөн. Түлөбаевдин сөзүн парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу да колдоого алып, өкмөт кызматкердин кызмат орду каралып жатканда терең анализ кылышы керектигин айткан.

Эске салсак, Сокеев менен Абазбек уулу 21-февралда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин катышуусунда "Ынтымак ордодо" өткөн президенттик аппараттын коллегиялык жыйында кызматтарынан алынганы маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: