super.kg logo
  Саясат  

Депутат былтыр Чүйдө болгон ири жол кырсыгында жабыркагандар жардам ала албай жатканын айтты

 

Бүгүн, 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева Бишкек–Токмок унаа жолундагы жол кырсыгынан жаракат алган жаран кайрылып жатканын билдирди.

"Мага Бишкек шаарынын тургуну жол кырсыгында 10 адам каза болгонун, көп киши жаракат алганын айтты. Ал "азыркы күнгө чейин иш сотко өтпөй жатат, улам-улам тергөөчүлөр алмашып, ортодо жабыркагандарга компенсация же жардам берилбейт" деди. "Шүгүр, мен тирүү калдым, бирок ден соолугумда көйгөйлөр болуп жатат. Кимден жардам аларымды билбейм" дейт", - деди Сурабалдиева.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев иш боюнча учурда тергөө жүрүп жатканын, дайындалган экспертизанын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынарын айтты.

Эске салсак, былтыр 1-сентябрда Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында беш унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталганы маалым болгон. Эртеси Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан 7 адам көз жумганын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: