super.kg logo

ЖКККББ: Бишкекте автобустар катуу текшерилет

 

Бишкектеги коомдук транспортторго көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.

Маалымдалгандай, акыркы учурларда коомдук транспорттордун айдоочулары жүргүнчүлөрдү алууда же түшүрүүдө белгиленген жерлерде токтобой, аялдамаларга жетпей токтоп, башка айдоочуларга тоскоолдук жаратып, жол тыгындарын пайда кылган учурлар көп болууда. Ошондой эле айдоочулар унаа башкаруу учурунда тамеки тартып, же уюлдук телефонго алаксып жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч жараткан учурлар кездешүүдө.

Мындай көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында ЖКККББ тарабынан 26-февралдан 2-мартка чейин өлкө аймагында “Коомдук транспорт” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлүп, жүргүнчүлөрдү ташыган автобустардын жана жеке таксилердин ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө күчөтүлөт.

Айрыкча коомдук транспорттордун техникалык абалына көңүл бурулуп, жүргүнчүлөрдү туура эмес жерлерден алган жана түшүргөн, ошондой эле аялдамаларда экинчи-үчүнчү катарга туура эмес токтотуп, башка айдоочуларга тоскоолдук жараткандарга 1000 сомдон 3000 сомго чейин айып пулдар салынат.






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: