super.kg logo
  Саясат  

"Кылмышкерлерге боор тартып жаткандай туюлууда". Депутат жабырлануучуларга да бекер жактоочу берилиши керектигин айтты

 

Бүгүн, 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева мамлекет кылмышкерлерге бекер жактоочу берүүгө милдеттүү экенин белгилеп, бирок ошол эле учурда жабырлануучуларга акысыз жактоочу берилбестигинин себебине кызыкты.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева мамлекет жабырлануучуларга акысыз жактоочуну бардык жагдайда бере бербестигин тактады.

"Эгерде жабырлануучу өзүнүн жагдайын түшүндүрсө, жумушу жок, майыптыгы бар, пенсионер же көп балалуу экенин аныктай турган документтерин көрсөтсө, аларга да акысыз адвокат берилет. Кылмышкер мамлекет тарабынан акысыз жактоочу сураса камсыз кылабыз. Анткени алардын укугу убактылуу чектелет. Ошондуктан мүмкүнчүлүк түзүп беребиз", - деди ал.

Депутат айым бул маселени кайра карап чыгуу керектигин белгиледи.

"Акыркы учурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук көп болуп жатат. Ошол учурда "кылмышкерлерге бекер жактоочу бересиңер да, бизди эмнеге ойлобойсуңар?" деп жатышат да. Бюджеттен каражат бөлүү маселесин караш керек. Болбосо мамлекет жабырлануучуларга караганда кылмышкерлерге боор тартып жаткандай туюлууда", - деди Сурабалдиева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: