super.kg logo
  Саясат  

 Садыр Жапаров Түркмөнстандын тышкы иштер министрин кабыл алды

 
Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 26-февралда Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, тышкы иштер министри Рашид Мередов менен жолугушту.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, алар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды, ошондой эле энергетика жана транспорттук логистика тармагындагы өз ара аракеттенүүнү талкуулашты.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого умтуларын баса белгилеп, Түркмөнстандан Кыргызстанга энергия булактарын жеткирүү боюнча маселелерди чечкендиги үчүн түркмөн тарапка ыраазычылыгын билдирип, өлкөлөр ортосундагы транспорттук-логистикалык кызматташтыктын олуттуу потенциалын белгиледи. Президент чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип каршы туруу үчүн көп тараптуу платформалардын алкагында өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдирди.

Өз кезегинде Мередов Түркмөнстандын кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө даярдыгын баса белгилеп, биргелешкен аракеттер эки мамлекеттин ортосундагы боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди чыңдоого өбөлгө болорун айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: