super.kg logo

Орозого организмди кантип даярдоо керек? Адистердин кеңеши

 

Муфтияттын маалыматына ылайык, өлкөдө Орозо айы 1-мартта башталат. Буга байланыштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери орозого организмди кантип даярдоо керектиги тууралуу айтышты.

Ага ылайык, орозонун алгачкы күндөрү баш оорудан сактануу үчүн кофе менен чайды ичүүнү азайтуу керек;

Кант, туз жана майлуу тамактарды колдонууну азайтуу кажет. Анткени бул сиздин организмиңиз орозого оңой көнүүгө жардам берет;

Сууну көп ичүү абзел – күнүнө жок дегенде 1,5 литр, мүмкүн болсо жылуу суу ичиңиз. Бул организмдин суусуздануусунун алдын алат. Сууну канча ичүү керектигин эсептесе болот. Атап айтканда, 1 килограмм салмакка 30-35 миллилитр суу туура келет;

Эртең менен эрте тамактанууга көнүңүз. Таң эрте туруп, сухур маалындагыдай эртең мененки тамак ичүүнү баштаңыз;

Рационуңузга татаал углеводдорду: ботко, дан азыктары, буурчак өсүмдүктөрүн кошуңуз. Булар узак убакытка чейин энергияны сактоого жардам берет;

Организм күн тартибинин өзгөрүшүнөн стресске кабылбашы үчүн уйку тартибин жөнгө салыңыз.

Быйылкы жылга карата битир-садаканын өлчөмү тууралуу кабарды шилтемеден окуй аласыз.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: