Трамп Газада Нетаньяху менен эс алып жаткан видеосун жарыялады
АКШнын президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармактагы баракчасына жасалма интеллект тарабынан даярдалган өзүнүн бийлиги астындагы Газа тилкесин чагылдырган видео жарыялады.
Видеодон асман тиреген имараттарды, америкалык ишкер Илон Маскты көрүүгө болот. Мындан тышкары кадрда юбка кийип бийлеген сакалчан эркектер да бар. Ошондой эле Трамптын алтындан тургузулган айкели жана америкалык лидер менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун эс алып жатканы чагылдырылган.
Белгилей кетсек, Трамп Газа тилкесин өз көзөмөлүнө алуу идеясын кайталап келет. Ал Газаны кайра куруу планында палестиналыктардын мекенине кайтууга мүмкүнчүлүгү жок экендигин айтып, жергиликтүү элди башка араб өлкөлөрүнө көчүрүүнү сунуштаган.
26.02.25
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:54
2025-06-23
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.