super.kg logo
  Саясат  

"Сааттар кыскарыптыр". Депутат Тыналиев мугалимдердин маянасы аз болуп жатканын айтты

 

Бүгүн, 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айжигит Тыналиев мугалимдердин маянасын эсептөө механизмдерине көңүл буруп, аларга кошумча чегерүүлөрдү киргизүү сунушун карап көрүүгө чакырды.

Эл өкүлү Ысык-Көл районунун Көк-Дөбө жана Орто-Өрүктү айылдарынын тургундары менен болгон жолугушууда мугалимдер эмгек акысы аз болуп жатканын айтышканын билдирди.

"Мугалимдер "саатка жараша маяна алабыз, бирок сааттар кыскарып, эмгек акыбыз аябай аз болуп жатат" дешти. Бул маселени кайра карап чыгып, балким эмгек стажын карап, кошумча чегерүүлөрдү киргизсек аз да болсо кошумча болот беле деген ой. Андан сырткары пенсияга чыккан мугалимдер да, "40 жыл иштеп пенсияга чыксак дагы 7 миң сомго жетпеген акча алып жатабыз" дейт. Ушуну да карап, көзөмөлгө алсаңыздар", - деди Тыналиев.

Ошондой эле ал айылдардагы почтада эмгектенген кызматкерлер да айлык акысы аз болуп жатканын айтышканын кошумчалады.






Жогорку Кеңеш 26.02.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: