super.kg logo

Бишкекте айдоочуну сабап, унаасынын айнегин талкалап салган киши кармалды (видео)

 

Бишкекте көчөдө бейбаштык кылган унаанын айдоочусу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-февралда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 2024-жылдын октябрь айында Чүй проспектиси менен Бейшеналиев көчөсүнүн кесилишинде болгон. Honda CR-V жана Honda Civic үлгүсүндөгү унаалардын айдоочуларынын ортосунда жаңжал чыгып, чыр-чатакка айланган. Биринчи унаанын айдоочусу адепсиз сөздөр менен сөгүнүп, экинчи айдоочуга кол салып, денесине жаракат келтирген. Андан тышкары оор буюм менен Honda Civic унаасынын алдыңкы айнегин, каптал күзгүсүн жана фараларын сындырып, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Чогулган материалдардын негизинде коомдук тартипке жана жол коопсуздугуна шек келтирген укук бузуулар үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (Бейбаштык) 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция Бишкек шаарында жашаган Ысык-Көл облусунун тургуну 1984-жылы туулган И.А. аттуу жаранга издөө жарыялаган. Сот сыртынан камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандаган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө изделип жаткан жаран Бишкектен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда.






Видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: