super.kg logo

ТИМ: "Коста-Рикага депортацияланган жарандардын арасында кыргызстандыктар жок"

 

Тышкы иштер министрлиги АКШдан үчүнчү өлкөлөргө Кыргыз жарандарынын депортацияланышы тууралуу маалымат каражаттарында жарыяланган кабарга байланыштуу билдирүү таратты.

Ага ылайык, Кыргызстандын АКШдагы элчилиги жана Башкы консулдугу өлкөнүн иммиграциялык нормаларынын өзгөрүшү боюнча жергиликтүү бийлик органдары менен жолугушууларды өткөрүп, Кыргыз жарандарынын депортацияланышына байланыштуу маселелерди тактоодо.

Ведомство Кыргызстандын АКШдагы дипломатиялык мекемелери Кыргыз жарандарынын депортациясына байланыштуу маселелер боюнча АКШнын тиешелүү органдары менен тыгыз байланышта иш алып барып жатынын белгиледи. Мындан тышкары, бул маселе боюнча АКШдагы Латын Америка өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрү менен да кызматташуу жүргүзүлүүдө.

"Акыркы алынган маалымат боюнча, 2025-жылдын 20-февралында Коста-Рикага депортацияланган 135 чет элдик жарандардын тизмесинде Кыргыз жарандары катталган эмес.

Эгерде АКШдагы Кыргыз жарандары тарабынан тиешелүү кайрылуулар түшсө, Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемелери аларга зарыл болгон көмөктү көрсөтөт" деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин чет элдик ЖМК АКШ 200дөй мигрантты Коста-Рикага депортация кылганын жазган. Алардын арасында Кыргыз жарандары дагы бар экени айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: