super.kg logo
  Саясат  

Элчи Айбек Молдогазиев АКШдагы Caspian Policy Center борборунун жетекчилиги менен жолукту

 

Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев АКШдагы Caspian Policy Center аналитикалык борборунун жетекчилиги менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, 25-февралда өткөн жолугушууда АКШнын жаңы администрациясынын саясаты жана АКШнын регион менен өзгөчө Кыргызстан менен кызматташуусунун келечеги талкууланды.

Элчи Молдогазиев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан саясат жана экономиканы жана калктын бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири маалымат берди.

Сүйлөшүүнүн соңунда өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча конструктивдүү диалогду улантууга эки тараптын умтулууларын ырасташты.

Маалымат үчүн: Caspian Policy Center 2016-жылы түзүлгөн көз карандысыз коммерциялык эмес изилдөө жана аналитикалык борбор. Белгилүү болгондой, Кошмо Штаттардагы аналитикалык борборлор тышкы саясий маселелерде, анын ичинде демилгелерди илгерилетүү, отчётторду түзүү жана болжолдоо боюнча негизги орган болуп саналат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: