super.kg logo

Трамп Путин тууралуу: "Абдан акылдуу жана амалкөй адам"

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдөгү жыйында Орусиянын президенти Владимир Путинди “өтө акылдуу жана амалкөй адам” деп мүнөздөдү. Трамптын айтымында, орус лидери "бул согушту чечүүгө ниети жок болчу", бирок АКШнын жаңы президенти шайлангандан кийин кырдаал өзгөрдү.

"Менин оюмча, ал мен шайланганда баарын каалады, биз сүйлөштүк, менимче, келишим түзөбүз", - деди Трамп Министрлер кабинетинин биринчи жыйынында.

Ошондой эле ал Украинанын президенти Владимир Зеленский жума күнү АКШга келерин билдирди. Сапардын жүрүшүндө сейрек кездешүүчү минералдар боюнча “өтө чоң келишимге” кол коюу пландаштырылууда.

Трамп эгер ал президент болуп шайланбаса, Путин "Украина аркылуу илгерилешин уланта бермек", бул көптөгөн курмандыктарга алып келмек деген оюн билдирди.

Украинанын коопсуздук кепилдиги темасына да токтолгон Трамп АКШнын бул жаатта олуттуу милдеттенмелерди албай турганын белгиледи.

"Мен коопсуздукка анча-мынча кепилдик бербейм. Биз Европага муну кылууга уруксат беребиз, анткени Европа алардын эң жакын коңшусу", - деп түшүндүрдү ал.

Ошол эле учурда америкалык президент анын тынчтыкка жетишүү аракети ийгиликсиз болушу мүмкүн экенин четке каккан жок.

"Бул иштебей калышы мүмкүн. Мындай мүмкүнчүлүк бар, бирок адамзаттын кызыкчылыгы үчүн иштейт деп үмүттөнөм. Эң негизгиси, биз Орусия жана Украина менен адамдарды өлтүрүүнү токтотуу боюнча келишим түзөбүз", - деп жыйынтыктады Трамп.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: