super.kg logo
  Саясат  

 Ташиев депутаттарга: "Колуңарга калем-дептер алып, жакшынакай кылып жазып отуруңуздар"

 

Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселе каралууда.

Жыйында депутаттарга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берүүдө.

"Урматтуу депутаттар, азыр мен сиздерге баяндама жасаган маалда колуңарга калем-дептер алып, жакшынакай кылып жазып отуруңуздар. Бул жерде айтыла турган маселе, цифралар көп. Ошолорду жазып алып, анан кайсы маселе болбосун так суроо берсеңер, мен ар бириңерге так жооп берүүгө аракет кылам. Туура эмес угуп алып, түшүнбөстүк болуп кетпесин дегеним. Себеби, чек ара деген өтө баалуу. Бул маселени чечебиз деп акыркы 4 жылдан бери өтө көп жолугушуулар, кыйынчылыктар болду", - деди Ташиев.

Парламентте төмөндөгү үч документ боюнча макулдашуу долбоорлору каралууда:

- Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим;
- эки мамлекет ортосундагы автоунаа жолдорун куруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу;
- эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетикалык объекттерге жетүүнү камсыз кылуу боюнча макулдашуу.

Бул үч документ эки мамлекеттин парламенттеринде ратификациядан өтүп, ага президенттер кол койгондон кийин күчүнө кирет.






Жогорку Кеңеш 27.02.25

Жогорку Кеңеш 27.02.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: