super.kg logo
  Саясат  

Комитеттер кыргыз-тажик чек арасы боюнча документтерди жактырды

 

Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин беш комитетинин биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасы боюнча документтер каралып, жактырылды. Документтер Жогорку Кеңешке макулдашууга киргизилди.

Жыйында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат берди. Анда төмөндөгү үч документ боюнча макулдашуу долбоорлору каралды:

- Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим;
- эки мамлекет ортосундагы автоунаа жолдорун куруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу;
- эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетика объекттерине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча макулдашуу.

Бул үч документ эки мамлекеттин парламенттеринде ратификациядан өтүп, ага президенттер кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Эске салсак, 21-февралда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов комиссиялар толук макулдашууга келгенин жарыялашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: