super.kg logo

Тажикстандын Сомониён айылы Кыргызстанга өттү

 

Коңшу Тажикстандагы Сомониён айылы толук жана Хожаи-Аало айлынын бир бөлүгү Кыргызстанга алынды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңеште билдирди.

"Баткен районунун жана Согди облусунун Исфара районунун ортосундагы туташ эмес желерди жөнгө салууга жетиштик. Натыйжада Баткен районунун Достук айылынын тургундарынын жер үлүштөрү менен 91 гектар жерди, Мазейттин жерин – 8,3 гектар, Көк-Терек айылынан – 17 гектар жерди, Таш-Тумшук айылынан – 20,3 гектар жерди жана Дача усатогундагы 5 гектар жер болгон жалпы аянты 141,9 гектар Тажикстанга жазылды.

Тагыраагы, биз 142 гектар жерди тажиктерге бердик. Мунун ордуна эмнелерди алдык? Исфара районунун Сомониён айылын алдык – 18,4 гектар, Дахма участогун – 33, 1 гектар, Хожаи-Аало айлынын бир бөлүгүн алдык – 21,5 гектар, Гавсувар участогун – 2,7 гектар, Миң-Булак участогун 42 гектар багы менен жана Лаккон участогунун бир бөлүгүн – 55 гектарды алдык. Жалпысынан 142,7 гектар жер Кыргызстанга жазылды. 1 гектар кошуп алыптырбыз да", - деди Ташиев.






Ташиев тажиктердин Сомониён айылы Кыргызстанга алынганын айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
27.02.2025. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
өзү Камчы Кыдыршаевичке окшогон жинди патриот келбегенде эмдигиче тажиктер менен тытышып кырылышып өлмөк экенбиз, кантсе да акыр түбү чечилип келе жатканы дурус
27.02.2025. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушул убакка чейин очкисин оңдонгон коркок ботаник чиновниктерибиз чек араны чече албай канча убара болдуңар эле, мына көрүп алгыла кантип чечишти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: