super.kg logo
  Саясат  

Дайырбек Орунбеков кайсы Достук айылы Тажикстанга берилгенин тактады

 
Тажикстанга берилген Достук айылы Лейлек районундагы эмес, Баткен районундагы чакан Достук айылы. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.
Ал көпчүлүк Лейлектеги Достук менен Баткен районундагы Достук айылын чаташтырып жатканын билдирди.
"Тажикстан менен чек ара маселесинде Достук айылы боюнча тактоо. Айрымдар чек ара боюнча алмашылган Достук айылы тууралуу так эмес маалымат таратып, аны Лейлек районуна караштуу Достук айылы менен алмаштырып жатышат.
Бул Баткен районундагы Достук айылы жөнүндө сөз болуп жатат. Мурунку аты – Суу боюндагы Карабак. Айылдын жалпы аянты 35 гектар жана ал чакан айыл болуп эсептелет. Лейлек районундагы Достук айылына эч кандай тиешеси жок экенин билдиребиз", - деди Орунбеков.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев сүйлөшүүлөрдүн негизинде Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өткөрүлүп, ордуна Тажикстандан кошумча 30 гектар жер компенсация катары Кыргызстанга жазылганын айткан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: