Саламаттык сактоо министрлиги депутат Бекешевдин айтканына жооп берди
Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтунда чыккан өрттөн кийин директор 25 кызматкерди иштен алган деген билдирүүсүнө комментарий берди.
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтунун директору Самидин Шабралиевдин айтымында, 9 дарыгер убактылуу ишин токтоткон.
"Алардын арасында: эки кардиолог, эки эхокардиограф, эки кардиохирург, бир реаниматолог, бир лаборант жана бир фармаколог. Шабралиевдин айтымында, өзгөчө кырдаалга байланыштуу ишин убактылуу токтоткон медицина кызматкерлерине эмгек акысынын 70 пайызы төлөнөт" деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.