Кыргызстандыктар эми Вьетнамдын Нячанг шаарына түз каттам менен уча алышат





Бишкек–Нячанг–Бишкек жаңы каттамы ачылды. Бул туурасында "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынан билдиришти.
Маалымдалгандай, "Аэро Номад Эйрлайнс" авиакомпаниясынын учактары 27-февралдан баштап аптасына үч жолу каттам аткарат.
"Бул Кыргызстан үчүн маанилүү окуя, анткени Нячанг биздин борбор шаардан түз каттам менен каттаган биринчи эл аралык багыт болуп саналат. Бул каттам туристтер жана ишкерлер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат, Вьетнам менен байланыштарды чыңдайт жана өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө өбөлгө түзөт. 2025-жылы дагы бир нече жаңы багыттарды ачуу пландарыбыз бар", - деп айтылган маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.