super.kg logo

"Мурдагы положенец". УКМК Ала-Букадагы дүкөндү өрттөткөн деп дагы бир жаранды кармады (видео)

 

Ала-Бука районундагы дүкөндү өрттөөнү уюштурган, Жалал-Абад облусундагы уюшулган кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМКнын маалыматына ылайык, 2011-жылдан бери ИИМдин каттоосунда турган, мурда Ала-Бука районунун "положенеци" статусун ээлеп келген жана уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү, Ала-Бука районунун А.А.Н. аттуу тургуну ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалды.

"Аталган А.А.Н. 2025-жылдын 11-январынан тартып Орусиянын аймагында болуп, шериктери аркылуу Ала-Бука районунун Өрүктү айылында жайгашкан "Мурас", "Мурас 2" азык-түлүк жана курулуш дүкөндөрүн өрттөтүп жиберген. Кылмышты жасоого А.А.Н. менен дүкөндөрдүн ээси Б.З.Т.нын жеке кастык мамилелери негиз болуп, өч алуу максаты болгон. Окуянын кесепетинен келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү болжол менен 43 миллион сомду түзгөн", - деп билдиришти УКМКдан.

Буга чейин бул факты боюнча Ош облусунун тургундары З.А.Т., К.А.Т., Н.у.У., ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган жана ортомчунун ролун аткарып жүргөн Ала-Бука районунун жашоочусу А.Н.З. кармалган.

Азыркы учурда кармалган адамдар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






УКМК мурдагы "положенецти" кармады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: