super.kg logo

Орусия белгилүү блогерди жарандыктан ажыратып, 70 жыл өлкөгө кирүүгө тыюу салды

 

Subo каймана аты менен таанылган блогер Субхан Мамедов Мурад оглы өзү тууралуу жалган маалымат бергендиги үчүн Орусиянын жарандыгынан ажыратылды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги укук коргоо органдарындагы булактарына таянуу менен жазды.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө ал Орусиянын жарандыгын алганда өзү тууралуу жалган маалымат бергени аныкталган. Буга байланыштуу ал Орусиянын жарандыгынан ажыратылды", - деп жазды ТАСС.

SHOT Телеграм каналы Орусия блогерди жарандыктан эле ажыратпастан, 70 жылга өлкөгө кирүүгө тыюу салганын жазды.

26 жаштагы Subo интернетте пранкер катары атактуулукка ээ болгон. Ал атактуу блогер Михаил Литвиндин жакын досу. Эми анда Азербайжандын гана жарандыгы калды. Учурда блогер БАЭде жүрөт.

Анын Инстаграм баракчасында 13 жарым миллион катталуучусу бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: