super.kg logo

Бишкектеги санитардык полигондогу заводдун курулушу кайсы этапта? Мэриянын жообу

 
Бишкек шаардык санитардык полигондун аймагында катуу тиричилик калдыктарын утилдештирүүнүн негизинде электр энергиясын өндүрүү боюнча эко-технологиялык заводдун курулушу уланууда. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, учурда административдик имараттын жана негизги заводдун пайдубалы куюлуп, бетон иштери 4-кабатка жетти. Таштандыларды жана жабдууларды ташууга ыңгайлуу болуш үчүн унаа жолу курулууда. Учурда 1000 метрден ашык жол төшөлгөн. Курулуш аянтына 35 миң куб метр шагыл керектелген.
"Учурда Кытайдан келген 230 жумушчу курулушта иштеп жатат. Курулуш 2025-жылдын декабрь айына бүткөрүү жана ишке киргизүү пландалууда. Келечектеги заводдун жалпы аянты 12 гектарды түзөт. Долбоорго инвестициянын жалпы көлөмү болжол менен 95 миллион доллар.
Заводдун аймагы алты негизги зонага бөлүнгөн: түшүрүү залы, таштанды чуңкуру, отказан аянты, түтүн газдарды тазалоо зонасы, түтүктөр цех жана гидротехникалык аймак. Ошондой эле административдик имарат, анын ичинде кеңсе аянты, түтүн жана таразага тартуучу бөлмө болот.
Ишкана суткасына 1000 тонна таштандыны иштеп чыгарып, электр энергиясын өндүрөт. Суткасына 460 мегаватты, жылына 180 000 мегаватты өндүрүү пландаштырылууда.
Келечекте бул ишкананын кубаттуулугун жогорулатуу менен катуу калдыктарды утилдештирүүнүн көлөмүн суткасына 3000 тоннага жеткирүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.





Бишкектеги санитардык полигондогу заводдун курулушу кайсы этапта?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: