super.kg logo

Зеленский АКШда телеканалдардын бирине барып маек берди

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский президент Дональд Трамп менен Ак үйдөгү талашып-тартышканы үчүн кечирим сураган жок, бирок Fox News телеканалына берген маегинде алардын мамилесин сактап калууга болорун айтты

"Урматтуу президент, сиздин оюңузча, Дональд Трамп менен мамилеңиз бүгүндөн кийин сакталып калышы мүмкүнбү?" деп сурады Fox News телеканалынын саясий жаңылыктарынын алып баруучусу Брет Байер Зеленскийге.

“Ооба, албетте, анткени бул жерде экиден көп президенттин мамилеси жатат. Бул тарыхый мамиле, биздин элдерибиздин ортосундагы бекем карым-катнаш. Биздин эл америкалыктарга ыпаазычылык айтып келет”, - деди Зеленский.

"Албетте, мен президентке жана, албетте, Конгресске ыраазымын, бирок баарынан да америкалыктарга рахмат. Алар Украина элин сактап калууга жардам берди. Биз бекем мамилелердин болушун каалап келебиз жана алар бизге керек болгон жерден алабыз", - деп кошумчалады ал.

Зеленский чатакташуу тууралуу суроого: “Мен ишенем, биз эч кандай жаман нерсе кылган жокпуз. Бул эки тарапка тең жаман болду” деп жооп берген.

“Мен жөн эле биздин мамилелештерибиз Украинадагы окуяларды туура түшүнүшүн гана каалайм. Бул мен үчүн чындыкты аларга жеткирүү. Мунун баары эки өлкөнүн достук мамилесинде ажырым болбосо экен деген тилектен улам айтылды”, - деп кошумчалаган Зеленский.

Байер Зеленскийге тирешүүү алдын ала пландаштырылган деп эсептейби деген суроосун узатты. Анда ал билбестигин баса белгилеп, бул сүйлөшүү ачык жана түз болгондуктан, кыйын кырдаалдар болушу мүмкүндүгүн айтты.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШ менен Украина президенттеринин Вашингтондогу жолугушуусу ийгиликсиз аяктаганы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: