super.kg logo

Трамп жана Зеленский жолугушуудан соң билдирүү таратты

 

Кечээ, 28-февралда АКШ президнти Дональд Трамп Украинанын лидерлери Владимир Зеленский менен Вашингтондогу жолугушуусунан соң өз баракчаларынан билдирүү таратты.

Айта кетсек, эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусу ийгиликсиз болуп, Зеленский Ак үйдү дароо таштап чыгып кеткен.

Трамп өз социалдык баракчасына Украина лидери келишимге даяр эместигин билдирген.

“Мен Зеленскийдин тынчтык жолуна келишине даяр эместигин түшүндүм. Ал АКШга сыйын көрсөтө алган жок. Ал качан гана тынчтык келишимине даяр болгондо келсе болот”, -деп жазган Трамп.

Ал эми Зеленский өз кезегинде талаш-тартыш тууралуу ооз ачпай, жөн гана ыраазычылыгын айткан.

“Америкага, алардын колдоосуна жана бул сапар үчүн рахмат. Америка Кошмо Штаттарынын президентине, Конгрессге жана Америка элине ыраазычылык. Украинага узак убакытка адилеттүү тынчтык керек жана биз дал ушул үчүн иштеп жатабыз”, - деп айтылган билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШ менен Украина президенттеринин Вашингтондогу жолугушуусу ийгиликсиз аяктаганы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: