Раззак Бейшекеев баштаган дагы эки кыргыз балбан Албанияда финалга чыкты
Бүгүн, 1-мартта Тиранадагы рейтингдик мелдеште Кыргызстандын 63 килограмм салмактагы балбаны Дөөлөтбек Чойбеков латвиялык Александр Юркянсты жеңип, финалга чыкты.
Ал эми 67 килограмм салмактагы кыргыз балбаны Раззак Бейшекеев грузялык балбан Жони Хецурианини жеңип, финалдык беттешке жол алды.
Финалда Чойбеков туркиялык Керем Камал менен беттешсе, Бейшекеев малдовалык Влентин Петик менен кез келет.
Беттештер бүгүн, 1-мартта Бишкек убактысы боюнча саат 23:20дан кийин орун алат.
Белгилей кетсек, Албаниянын Тирана шаарында спорттук күрөш боюнча рейтингдик мелдеш өтүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.