super.kg logo

"Раймалы менен Бегимай" этномюзиклин өкмөт мүчөлөрү барып көрүштү

 

Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев менен өкмөт мүчөлөрү Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда коюлган "Раймалы менен Бегимай" этномюзиклине барды. Бул туурасында президенттик администрациядан кабарлашты.

Маалымдалгандай, Чыңгыз Айматовдун чыгармасы боюнча коюлган этномюзикл 22-февралдан 28-февралга чейин тартууланды.

Анда Раймалы менен Бегимайдын ашыктык сезимдери сүрөттөлөт.

Белгилей кетсек, долбоордун үстүндө бир топ чыгармачыл адамдар жана топтор иштеген. Анын автору жана жетекчиси КР эл артисти Кыргызбай Осмонов, ал эми либреттосун КР эл акыны Аалы Туткучев жазган. Коючу-режиссер Умарбек Кадыров, ал эми Айнура Качкынбек кызы режиссер болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: