"Оскар-2025" сыйлыгы: Кино дүйнөсүндөгү мыктылар ким болду?
Америкалык киноакадемия тарабынан негизделген "Оскар" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Иш-чара кечээ, 2-мартта Лос-Анжелес шаарындагы Долби театрында америкалык куудул Конан О’Брайендин алып баруусунда өттү.
Анда быйылкы 97-Оскар сыйлыгынын жеңүүчүлөрүнү менен тааныштырабыз:
- Эң мыкты тасма: "Анаро";
- Эң мыкты режиссёр: Шон Бэйкер ("Анора");
- Эң мыкты актриса: Майки Мэдисон ("Анора");
- Эң мыкты актёр: Эдриан Броуди ("Бруталист");
- Эң мыкты сценарий: "Анора";
- Эң мыкты монтаж: "Анора";
- Эң мыкты экинчи пландагы айымдын ролу: Зои Салдана ("Эмилия Перес");
- Эң мыкты экинчи пландагы мырзанын ролу: Киран Калкин ("Чыныгы оору");
- Эң мыкты анимациялык тасма: "Ташкын: Жер бетиндеги акыркы мышык";
- Эң мыкты кыска метраждуу анимациялык тасма: "Кипарис көлөкөсүндө";
- Эң мыкты даректүү тасма: "Башка жер жок";
- Эң мыкты кыска метраждуу даректүү тасма: "Оркестрдеги жалгыз кыз";
- Эң мыкты кыска метраждуу тасма: "Мен робот эмесмин";
- Эң мыкты ыр: El Mal ("Эмилия Перес");
- Мыкты саундтрек: Дэниел Блумберг ("Бруталист")
- Эң мыкты оператордук иш: Лол Кроули ("Бруталист");
- Эң мыкты чет тилдеги тасма: "Мен дагы эле бул жердемин" (Бразилия);
- Эң мыкты үн: "Дюна: 2-бөлүм".
Эске салсак, бул жолу Лос-Анжелесте токойлорду каптаган өрттөн улам номинанттар бир жума кеч жарыяланган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.