super.kg logo

УКМК дагы бир Фейсбук колдонуучусун өлкөдөн чыгып бараткан жеринен кармады

 

Бишкекте массалык баш аламандыктарга чакырык жасоого шектелген Фейсбук колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, Facebook социалдык тармагындагы деструктивдүү аккаунттун ээси Б.Ж. аттуу жаран "Манас" эл аралык аэропорту аркылуу "Бишкек-Москва" каттамы боюнча өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылган учурда кармалды. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандык) 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.

"Тактап айтканда, Б.Ж. Фейсбуктагы өзүнүн аккаунту аркылуу өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана массалык башаламандыктарды уюштуруу максатында чагымчыл мазмундагы контенттерди жарыялоо менен алектенген. УКМК массалык башаламандык уюштуруу жана ага катышуу үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертет, бул үчүн мыйзамдарда кылмыш жоопкерчилиги каралган", - деп айтылат билдирүүдө.

Биринчи май райондук соту тарабынан Б.Ж.га карат №1 тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалганы кошумчаланды.

Белгилей кетсек, буга чейин да массалык башаламандыкка чыкырык жасаган Фейсбук колдонуучулары кармалган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: