super.kg logo
  Спорт  

Тиранадан Кыргызстандын балбандары 2 алтын, 3 күмүш, 4 коло медалдары менен кайтты

 
Спорттук күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Албанияда өткөн рейтингдик мелдеште 9 медаль жеңишти. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, балбандар 2 алтын, 3 күмүш, 4 коло медаль менен кайтышты.
Грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинки салмактагы Ырыскелди Максатбек уулу жана 67 килограммга чейинки салмактагы Раззак Бейшекеев рейтингдик мелдештин жеңүүчүсү аталды. Ал эми 63 килограммга чейинки салмакта Дөөлөтбек Чойбеков күмүш медалга ээ болду. Мындан тышкары 67 килограммга чейинки салмактагы Баяман Каримов менен 72 килограммга чейинки салмактагы Ырыскелди Хамзаев 3-орунга ээ болушту.
Алар курама команданын башкы машыктыруучу Уран Жузуп уулу жана улук машыктыруучу Атай Замирбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Ал эми эркин күрөш боюнча 65 килограммга чейинки салмактагы Тайырбек Жумашбек уулу күмүш медаль жана Билол Шарип уулу коло медалга ээ болду. 57 килограммга чейинки салмактагы Алмаз Сманбеков 3-орунду ээледи.
Бул балбандар башкы машыктыруучу Азат Мирахимов жана улук машыктыруучулар Ильгиз Жакыпбеков, Эламан Догдурбек уулунун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Ошондой эле кыз-келиндер арасында 76 килограммга чейинки салмак категориясында Айпери Медет кызы күмүш медалга ээ болду.
Белгиленгендей, улуттук курама команда башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков жана улук машыктыруучу Нурдан Донбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Айта кетсек, Абаниянын Тирана шаарында өткөн рейтингдик мелдеш 26-февралда башталып, 2-март күнү жыйынтыкталды. Өлкө намысын жалпы 33 балбан коргогон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: