super.kg logo

Аламүдүн райондук Кадастр ишканасынын директорунун орун басары кармалды

 

Кадастр мамлекеттик ишканасынын Аламүдүн филиалынын директорунун орун басары Э.А. кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта УКМКдан кабарлады.

Маалымдалгандай, шектүү 15 сотых жер тилкени пара катары алгандыгы аныкталган. Көк-Жар айылынын 172, 544, 549-556, 552-контурларындагы жер тилкелеринин алынышынын мыйзамдуулугун текшерүүдө 2007-жылы №544 контурдан жарандарга 4,3 гектар айыл чарба жерлери бөлүнүп берилгени такталган.

Узак убакыт бою аталган аймак өз максатына ылайык пайдаланылбай, менчик ээлери аны майда участокторго бөлүп, жеке турак жай куруу үчүн сатууну көздөшкөн. Трансформацияга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, Э.А. жер тилкени трансформациялоого көмөк көрсөтүүнү сунуштап, пара катары ошол эле аймактан 15 сотых жер тилкесин ээлеп алган. Аталган жер тилкесин жээнине каттаткан.

Топтолгон материалдардын негизинде кылмыш иши козголуп, анын алкагында Э.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Атайын кызмат Бишкек шаарынын айланасындагы аймактардагы, анын ичинде административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган жер тилкелерине карата мыйзамсыз аракеттерди аныктоо, ошондой эле аларды мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда. Айыл чарба багытындагы жерлерди мыйзамсыз ээлеп алган адамдарга карата азыркы мыйзамдардын чегинде эң катаал чаралар көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: