super.kg logo

Чүйдө жарандар айдоо жерине мыйзамсыз 9 үй куруп алганы аныкталды

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы тарабынан Чүй облусундагы Кара-Жыгач айыл аймагынын №9 жана №10 контурунда жайгашкан айыл чарба багытындагы айдоо жери максатсыз пайдаланылып келгени аныкталды.

Министрликтен билдиргендей, аталган жерге белгисиз жарандар тарабынан 5 пайдубал, 9 үй жана 1 тиричилик имарат курулган, ошондой эле жол салуу максатында узуну 425 метр, туурасы 6 метрди түзгөн сугат айдоо жерине кум-шагыл төгүлгөнү аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жогоруда аталган белгисиз жарандардын аракеттеринде кылмыш белгилери болушу мүмкүн экендигине байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренесинин (Бөтөн жер участогун өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) негизинде жогоруда аталган участоктор боюнча материалдарды кароо жана тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн Чүй ОИИБине өткөрүлүп берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: