super.kg logo
  Саясат  

"Оюнчук эмес". Камила Талиева 12 жылдык эмес, 10 жылдык билим берүүгө өтүү керектигин айтты

 

Бүгүн, 3-марттагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Камила Талиева 12 жылдык билим берүүгө даяр эмеспиз деген пикирин билдирди.

Ошондой эле депутат Талиева жыйынга катышпаган министрлерди атап, Билим берүү министрлигинин ишин сынга алды.

"Жаңы министрлер келиптир, эски министрлер кайда? Орунтаев эрке балабыз жок. Сабиров кайда? Кендирбаева кайда? Кендирбаеваны угуп жатам саякаттап кетти деп. Былтыр Билим берүү менен Саламаттык сактоо министрлиги саякатчы министр болду эле, жакында эле тил укту дагы деле жок. Мен Надира айымдын оюн уккум келбейт, бул киши кооз сүйлөйт, калптын казанын кайнатып турат дайыма.

21-маселеде 12 жылдык билим берүүгө сапатуу өтүү деп турат. 12-жылдык билим берүүгө мектептер даяр эмес, ага жакын арада өтө дагы албайсыңар. Булар Эл аралык USAID уюмна ишенген да. Алардын 24 проектисинин 22си жабылып калыптыр, 2 эле проектиси калыптыр. Мен ошон үчүн айткам, элдин бары каршы болуп жатат, андан көрө 10 жылдыкка өтөлү деп. Билимдин сапатын күчөтөлү дегем. Эми көрөбүз, Сингапур менен Малазияны айтып отурушат, кайсыл жерге чейин барышат экен. Булардын максаты гранд алуу да. Билим берүү силерге оюнчук эмес, талкалап бүтүрө турган болдуңар. Мага жооп бербей эле койгула.", - деди Талиева.






Жогорку Кеңеш 03.03.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: