super.kg logo

Айдоочулук күбөлүк үчүн керек болгон медициналык справка алуу жеңилдетилет

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн талап кылынган №083 медициналык справканы алуунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Касымалиев аталган медициналык маалымкатты алууда ооруканадагы 8 адистен өтүү керектигин, андыктан бир топ убакытты талап кылып жатканын белгилеген.

"Бул процесс 7 күнгө чейин созулуп, жарандарга да, мамлекеттик органдарга да ыңгайсыздык жаратат. Кагаз түрүндө берилип, Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүлүп берилген күбөлүктөрдү жасалмалоо коркунучу да бар. 2024-жылы өлкө боюнча 175 миңге жакын жаран №083 күбөлүккө ээ болгон", - деген ал.

Бул көйгөйдү чечүү үчүн өкмөт башчы Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигине атайын санариптик модулдарды жана кызматтарды иштеп чыгууну жана ишке киргизүүнү, ошондой эле бул системалардын интеграциясын камсыздоону тапшырган. Ага ылайык, жаран медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин справка автоматтык түрдө агенттиктин маалымат базасына жөнөтүлүп, аны кагаз түрүндө берүү зарылдыгын жокко чыгарат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: