super.kg logo

Башкы прокуратура Бишкекте кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду

 

“Бишкек жашыл курулуш” ишканасынын жооптуу кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 3-мартта Башкы прокуратурадан билдирди.

Маалыматка ылайык, “Бишкек жашыл курулуш” муниципалдык ишканасында жүргүзүлгөн текшерүүдө 2024-жылдын октябрь айынан бери “А” ЖЧКсы тарабынан сейил бакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу жумуштары демөөрчүлүк негизде аткарылып жаткандыгына карабастан, аталган муниципалдык ишкана тарабынан акча каражаттарын чыгарып кетүү максатында аткарылган жумуштарга формалдуу түрдө 14 миллион 538 миң 766 сомдук сатып алуулар конкурсу жарыяланып, жыйынтыгында аталган ЖЧКга мыйзамсыз жеңишти ыйгаруу менен өздөрүнүн кылмыштуу аракеттеринин изин жаап-жашырууну көздөшкөндүктөрү аныкталган.

Бирок көздөгөн максаттары ишке ашырылбай, конкурстун жыйынтыгы менен “З” ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, “А” ЖЧКсы тарабынан аталган жумуштар аткарылып жаткандыгына байланыштуу “З” ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимди атайлап жокко чыгарышкан.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын мэриясына караштуу “Бишкек жашыл курулуш” ишканасынын жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: