super.kg logo
  Саясат  

Парламент комитети ЖМК жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды

 

Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында "Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоору боюнча маданият министринин орун басары Марат Тагаев маалымат берди. Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоорунда ЖМКларды каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотуу, маалыматка жетүү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин уюштуруу ченемдерин жана журналисттердин кесиптик ишмердигине байланыштуу башка ченемдерди тартипке келтирүү сунушталууда.

Буга чейинки мыйзам долбоорунда ЖМКлар Юстиция министрлиги менен Санариптик өнүктүрүү министрлигинен каттоодон өтүшү керектиги жазылса, бул жолку вариантта Юстиция министрлигинен гана каттоодон өтүү сунушталды. Ошондой эле интернет сайттар маалымат каражаты катары милдеттүү түрдө каттоодон өтүш керек деген талап алынып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралган.

Эске салсак, былтыр 13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарылып, кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: