super.kg logo

АКШнын вице-президенти Трамп менен Зеленскийдин кайым айтышуусунун чоо-жайын айтты

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын лидери Владимир Зеленский менен жолугушуусунда алгач сылык болууга аракет кылды. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын вице-президенти Жей Ди Вэнс Fox News телеканалына берген маегинде билдирди.

"Алгачкы 25-30 мүнөттө ал Зеленскийге сылык болууга аракет кылган, алтургай Зеленский анын дарегине карата сөз айтканда да, Зеленский чындыкка дал келбеген сөздөрдү айтканда дагы. Президент жөн гана дипломат болууга аракет кылды", - деген ал.

Ошондой эле Вэнс украин делегациясы орун алган окуядан кийин дагы Трамп менен сүйлөшүүлөрдү улантууга аракет кылганын, бирок АКШнын лидери Зеленскийдин тынчтык жөнүндө сүйлөшкүсү келбегендигинен улам баш тартканын кошумчалаган.

Эске салсак, 28-февралда Вашингтондогу Ак үйдө Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусу кайым айтышуу менен аяктаган. Анда Зеленский Ак үйдөн белгиленген убакыттан эрте чыгып кеткен. Эки лидердин биргелешкен маалымат жыйыны да болгон эмес.

Болгон окуядан кийин Америка лидеринин командасы украин башчысынын кечим суроосун талап кылышты. Ал арада бир катар Европа өлкөлөрүнүн лидерлери Зеленскийди колдоого алган билдирүү жасашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: