Эмгек сиңирген машыктыруучу Владимир Анкудиновдун элесине арналган волейбол лигасында Оштун жаш спортчулары биринчиликти алды
Бишкекте эмгек сиңирген машыктыруучу Владимир Анкудиновдун элесине арналган 2013-14-жылдагы жаш өспүрүмдөрдүн волейбол лигасынын экинчи этабы аяктады. Бул тууралуу КРнын волейбол федерациясы билдирет.
Автор: Аксана Паизова
Турнирде биринчилик үчүн 7 команда эки топко бөлүнүп, ат салышты. Ар бир топтун мыкты эки командасы финалдык бөлүккө чыгып, жеңиш үчүн күрөштү.
Жыйынтыгында 1-орунду Ош шаардык балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин тарбиялануучулары ээлешти. 2- орунду Нарындын «Ат-Башы», 3-орунду болсо, борбордун «Салам-Алик» командасы багындырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:34
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.