super.kg logo

Жерде 4-5-март күндөрү магниттик бороон болот

 

Жерде 4-5-март күндөрү магниттик бороон болот. Мындай маалыматты Күн астрономиясынын лабораториясы кабарлаганын чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Жердин магнитосферасынын бузулушу 4-марттын кечинде башталып, 5-мартка караган түнү магниттик бороондун деңгээли G1 өлчөмүнө жетет. Аталган күндөрү магниттик бороондун болуу ыктымалдуулугу азыркы тапта 60 пайызды түзөт. Ал эми 5-март күнү кечинде Жердин магнит талаасы кайрадан тынч абалга келет.

Күн астрономиясынын лабораториясы, учурда магниттик бороондун себептери тууралуу маалымат берген эмес.

Мындан сырткары Жерде 10-12-мартта, 14-15-мартта жана 27-28-мартта магниттик бороон болушу күтүлүп жатат.

Белгилей кетсек, Жердин магнит талаасынын бузулушунун даражасы беш көрсөткүчтөн турган шкала боюнча өлчөнөт, мында G5 "өтө күчтүү" магниттик бороон деп бааланса, G1 "алсыз" магниттик бороон деп эсептелинет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: