Бишкекте автобус сүзүп кеткен окуучу кыздын абалы айтылды
Бишкекте кечээ, 3-мартта автобус сүзүп кеткен окуучу кызга операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Мекеменин маалыматына ылайык, кыз оң бутунда жаракат жана жамбаш сөөгүнүн сыныгы менен Балдар клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылган. Операциядан кийинки абалы туруктуу, травматология бөлүмүнө которулду.
Айта кетсек, кечээ Бишкектеги 12-кичи райондо автобус жөө адамдар өтүүчү жерден өтүп бара жаткан окуучу кызды сүзүп кеткени маалымдалган. Анын кеспетинен ар кандай жаракаттарды алган кыз ооруканага жеткирилген болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.