super.kg logo

"Өтө кооптуу нерсе". Ким Чен Ындын карындашы АКШга эскертүү берди

 

Тышкы күчтөр Пхеньяндын эгемендүүлүгүн жана коопсуздугун коргоого болгон даярдыгын сынабашы керек. Бул тууралуу Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын карындашы, "Эмгек" партиясынын борбордук комитетинин бөлүм башчысынын орун басары Ким Ё Чжон билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

"Душмандар биздин эркибизди жана мамлекеттин эгемендүүлүгүн, коопсуздук кызыкчылыктарын коргоо жөндөмдүүлүгүбүздү өздөрүнүн бардык арсеналын колдонуу менен сынабашы керек. Бул өтө кооптуу нерсе", - деген ал.

Ошондой эле Чжон АКШнын азыркы администрациясы өзүнөн мурункулардын душмандык саясатын улантып жатканын айткан. Ал Корей жарым аралындагы кырдаалдын курчушуна Вашингтон себеп болуп жатканын белгилеп, Пхеньян Кошмо Штаттардын жана анын тарапташтарынын аракеттерин айыптай турганын билдирген.

"Биз душмандын коопсуздугуна коркунуч туудурган стратегиялык деңгээлдеги аракеттерди олуттуу талкуулоону пландап жатабыз", - деген Ким Ё Чжон.

Президенттин карындашынын мындай билдирүүсүнө 2-март күнү Түштүк Кореянын Пусан шаарынын портуна америкалык Carl Vinson учак конуучу кемесинин келиши себеп болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: