super.kg logo

Үйлөргө кирип, уурдалган унаага башка номур тагып... Ошто бир нече кылмышка шектелген 32 жаштагы киши кармалды

 

Кара-Суу районунда турак үйлөргө уурулукка кирген деген шек менен 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-мартта Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-февралда милицияга Савай айыл аймагынын 58 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал белгисиз адам үйүнө кирип, 100 миң өзбек сумун жана короодо токтоп турган Hyundai Avante үлгүсүндөгү унаасын айдап кеткенин айткан. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) менен кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары Өзгөн районунун 32 жаштагы тургуну 24-февралда кармалып, камакка алынган. Ал уурдалган унаага Орусиянын мамлекеттик номурун тагып алып жүргөн. Тергөөдө ал дагы башка 9 адамдын батирине кирип, ар кандай буюмдарды уурдаганы белгилүү болгон. Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголду. Учурда шектүүнүн дагы башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу такталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: