Бишкекте аялдамада тартипке чакырган айымдын видеосу коомчулуктун талкуусуна түштү
Бишкекте жүргүнчүлөрдү жана айдоочуларды тартипке чакырган шаардык транспорт муниципалдык ишканасынын кызматкеринин видеосу коомчулуктун талкуусуна түштү. Социалдык баракчалардын колдонуучуларынын көпчүлүгү айымдын иретке келтирүү аракетин алкоого алган.
Мэрия билдиргендей, видео "Ош базардагы" коомдук транспорттордун аялдамада туура токтоосун жана жүргүнчүлөрдүн аялдамада тартипти сактап туруусун көзөмөлдөө процессин чагылдыруу учурунан алынган.
Белгилей кетсек, буга чейин тартипке чакыруу иштери Бишкек шаардык транспорт муниципалдык ишканасы тарабынан бир нече ирет жүргүзүлгөн.
Бишкекте жүргүнчүлөрдү жана айдоочуларды тартипке салган айым
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.