super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы тажикстандык кесиптеши менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

 

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелерине арналган кеңейтилген форматтагы жолугушуусу болуп өттү.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, негизги маселелердин бири Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын президенттеринин Хожент шаарында боло турган үч тараптуу жолугушуусуна даярдык көрүү болду.

Өкмөт башчыларынын сүйлөшүүлөрүнүн негизги багыты Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү болду. Бул багыттагы кызматташтыкты активдештирүү үчүн тараптар эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын төрагалыгы алдында Өкмөттөр аралык кеңешти түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Ошондой эле маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн, анын ичинде Кыргызстан менен Тажикстандын элдеринин чыгармачыл мурастарын колдоо жана жайылтуу маанилүүлүгүнө да өзгөчө көңүл бурулду.

Энергетика тармагындагы кызматташуунун келечегин кароодо алар эки өлкөнүн энергетикалык тутумдарын бириктирүүгө, региондо электр энергиясын экспорттоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө мүмкүндүк берүүчү “CASA-1000” стратегиялык долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана өлкөлөр ортосунда үзгүлтүксүз аба жана транспорттук каттамдарды калыбына келтирүү маселелери талкууланды.

Жолугушуунун соңунда тараптар жолугушуунун жыйынтыгы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да чыңдоого жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: