super.kg logo

"Славян базары" сынагына Кыргызстандын атынан катыша турган таланттар белгилүү болду

 

ХХХIV эл аралык «Славян базары» искусство фестивалына быйыл Кыргызстандын атынан Мырза Сарпашов менен Рыскелди Старбеков катышат. Бул тууралуу өлкөнүн Эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева билдирди.

Айта кетсек, аталган сынак 10-13-июль күндөрү Беларуста өтөт.

Аталган сынактын алкагында XXIII эл аралык балдар музыкалык жана XXXIV эл аралык эстрада ырчыларынын «Витебск – 2025» сынактарынын Кыргызстандагы Улуттук тандоо турунун финалы 1-мартта өттү.

Алдын ала онлайн кастингге жөнөтүлгөн 25тен ашуун видеонун ичинен финалга балдар арасында 3 бала жана жаштар арасында 9 мыкты вокалист тандалып алынган.

Жыйынтыгында балдар сынагында 14 жаштагы Мырза Сарпашов, жаштардын арасында 23 жаштагы Рыскелди Старбеков мыкты деп табылып,Славян базары” фестивалынын сынактарына быйыл Кыргызстандын атынан катышуу укугуна ээ болушту.

Белгилей өтсөк, Кыргызстандагы улуттук тандоо турун “Арт Булак” коомдук фонду уюштурду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: