super.kg logo
  Саясат  

Майыптыгы бар балдардын ата-энелерине акысыз юридикалык жардам көрсөтүү сунушталууда

 

Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйынында “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоорун Айсулуу Мамашова баштаган 19 депутат демилгелеп чыккан. Документте ден соолугунан майыптыгы бар балдардын ата-энелерине же камкорчуларына кирешесинин деңгээлине карабастан акысыз квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүлө турган жарандык иштердин категорияларын кеңейтүү сунушталууда.

Мамашова ата-энеси ажырашкан учурда майыптыгы бар балдар апасы менен калып, аталары андай балдарды көбүнчө таштап кетерин белгиледи. Мындан улам ата-энеси ажырашып жатканда, ата-энелик укуктан ажыратуу, алимент өндүрүү, баланын жашай турган жерин аныктоо жана башка укуктук маселелер талап кылынган жерлерде сотто балдардын кызыкчылыгын коргогон адвокат акысыз берилиши керектигин билдирди.

Эл өкүлү майыптыгы бар баласын карабай кеткен атасынан алимент өндүрүү үчүн адвокат керектигин, жактоочунун кызматы азыр кеминде 30 миң сом турарын кошумчалады.






Жогорку Кеңеш 04.03.25

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: