super.kg logo
  Саясат  

"Акча бөлүштүрүү менен алек". Депутат Транспорт министрлигинин ишин текшерүү үчүн комиссия түзүүнү сунуштады

 

Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Улугбек Ормонов Транспорт министрлигиндеги кошумча түзүмдөрдүн ишин текшерип чыгуу үчүн жумушчу топ түзүүнү сунуштады.

Жыйында Жол фондуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан.

"Мамлекеттен бөлүнгөн каражаттын дайыны жок. 2023-жылы Транспорт министрлиги менен келишим түзүп, жумушту аткарып, акчасын ала албай жүргөн ишкерлер бар. Булар болсо мынча чакырым жолду бүтүрдүк деп доклад берип жатышат, а аны бүтүргөн кишилер ар бир кабинеттин эшигин каккылап, "акчамы кимден алам?" деп жүрөт. Жол чарба департаментинин жетекчисинен сурашса, "билбейм, мен "Кыргызавтожолуна" которгом" дейт экен. Кызматкерлер акча бөлүштүрүү менен алек. Каржы министрлигинен бөлүнгөн акчаны "каякка бөлсөк?" деп отурушат", - деди ал.

Жыйынтыгында эл өкүлүнүн сунушу бир добуштан колдоо тапты. Бирок комиссиянын мүчөлөрү комитеттин кийинки отурумунда аныкталмай болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: