Оштун мэри токойго айланып кеткенин айткан Достук жолунун эскизи жарыяланды (видео)




Ош шаарындагы "Достук" өткөрмө пунктуна бара жаткан жолдун эскизи жарыяланды. Бул туурасында мэриядан билдиришти.
Маалымдалгандай, долбоор Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан.
"Бул долбоор Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы “Достук” өткөрмө бекетинен Ош шаарын карай жүрүүчү жолдун эки жээгин иретке келтирүү менен айланманы оңдоп-түзөө, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу багытында жасалган", - деп айтылган маалыматта.
Белгилей кетсек, 26-февралда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев "Достук" өткөрмө бекетине баруучу жолдо таңкы рейд уюштуруп, аймакты токойго салыштырган. Анын негизинде бир катар тапшырмалар берилген.
Достук жолунун эскизи жарыяланды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.