super.kg logo
  Саясат  

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кытайдын элчисин кабыл алды

 

Бүгүн, 4-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпинди кабыл алды.

Жолугушууда кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалы талкууланып, тараптар парламенттер аралык алакаларды арттыруу боюнча да ой бөлүштү.

Азыркы тапта Кыргызстан менен Кытай бардык тармактар боюнча кызматташып, энергетика, инфраструктура, өндүрүш өңдүү багыттарда биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып келебиз. Жакын коңшу жана стратегиялык өнөктөш өлкө катары калыптанган алакаларды дагы өнүктүрүп, жетишилген келишимдерди мындан ары да ийгиликтүү ишке ашырууга кызыкдарбыз. Албетте, мында парламенттик дипломатиянын ролу өтө чоң. Алсак, өткөн жылдын сентябрь айында Бээжинге расмий сапар менен барып, аталган багыттагы кызматташтыкты кеңейтүүгө арналган маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик”, – деди төрага.

Ал эми элчи Лю Цзянпин Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн алкагында жасай турган иштери тууралуу учкай маалымат берди.

“Кытай Эл Республикасы, анын ичинен өлкө жетекчилери Кыргызстан менен кызматташтыкка өзгөчө маани берет. Элчилик ишмердүүлүгүмдүн алкагында калыптанган достук алакаларды үзгүлтүксүз улантууга даярмын. Мамлекеттерибиз ортосунда көптөгөн макулдашуулар жана келишимдер бар. Алардын бардыгын ийгиликтүү ишке ашыруубуз кажет”, – деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: