Кремль АКШнын Украинага жардам берүүсүн токтоткону боюнча комментарий берди
Орусия тарап АКШ Украинага бардык аскердик жардамын убактылуу токтотулушуна комментарий берди. Бул тууралуу орусиянын РИА новости басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирүү жасап, аскердик жардамдын токтотулушун тынчтыкка карай жол деп баалаган.
"Эгерде бул чын болсо, чечим чындап эле Киев режимин тынчтыкка келүүгө түрткү бериши мүмкүн", - деген ал
Белгилей кетсек, кечээ, 3-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп АКШ Украинага бардык аскердик жардамын убактылуу токтотконун билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.